Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Коронавируска каршы ревакцинация жүргүзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан коронавируска каршы ревакцинация баштоону пландап жатат. Бул тууралуу 14-ноябрда КТРКнын түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, азыркы тапта эмдөө вакцинанын алты түрү менен жүргүзүлүүдө, ар кимдин өзгөчөлүгүнө жараша иммунитет жарым жылдан бир жылга чейин сакталып турат. Кайталап эмдөө (ревакцинация) антитело көрсөткүчүн текшергенден кийин жүргүзүлөт:

“Эгер антитело көрсөткүчү 3төн төмөн болсо, анда ревакцинациядан өтүү керек. Азыр иштелип чыгууда, декабрдан баштап антителолору төмөн болсо сунуш кыла баштайбыз”.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. Бүгүнкү күнгө карата оору 182 миң адамга жукту, алардын 2700дөн ашууну каза болду. Эмдөө көрсөткүчү азыр 40 пайыздын тегерегине болууда.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG