Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

COVID-19: Кыргызстан өспүрүмдөрдү да эмдей баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өспүрүмдөр да коронавируска каршы вакцина ала алат. Бул тууралуу 14-ноябрда КТРКнын түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, 15-18 жаштагы кыргызстандыктарды эмдөө боюнча чечим декабрь айында кабыл алынат. Чет өлкөгө чыгып жаткан балдарга уруксат берилди, алар вакцина алууда.

2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы 2700дөн ашуун кыргыз жаранынын өмүрүн алды, алардын арасында балдар да бар.

Азыркы тапта өлкөдө вакцинанын алты түрүн бекер алууга шарт түзүлгөн. Вакцина 18 жаштан жогору курактагыларга сайылууда. Эмдөө көрсөткүчү бүгүнкү күндө кырк пайыздын тегерегинде болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG