Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Өлкө боюнча бир аптада 12 миңден ашуун жол эрежеси бузулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бир жумада өлкө аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, бир аптада 12 265 жол эрежесин бузуу катталды.

230 айдоочу мас абалында машине айдап, 1500дөй айдоочу ылдамдыкты көбөйтүп, 2000ден ашуун киши документи жок машине айдаганы үчүн кармалган. 5300дөй айдоочу жол белгилеринин талаптарын бузса, 689 машине айып короого токтотулду. Мындан сырткары машинесинин терезесин караңгылатып айдаган, мамлекеттик номери жок же жасалма номер колдонгон учурлар катталды.

Ички иштер министрлигинин октябрдын башындагы маалыматында, Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көп катталган. Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

Жол кырсыгынын эң башкы себептеринин бири мас абалында рулга отуруу экени белгиленип жүрөт.

2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG