Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Прессаны колдоого мамлекеттен каражат бөлүнөрү айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттен акча бөлөт. Бул тууралуу 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташтыгын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө көңүл басылмаларга бөлүнөт жана президенттин облустук гезиттерди колдоо боюнча алгачкы чечимдери кабыл алынды.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарына субсидиялар ар кандай беренелер боюнча бөлүнөт. Бизге кеңири агартуу ишмердүүлүгү абадай керек, бул ишти кароосуз калтырып, рынок механизмдерине ишеним артууга акыбыз жок. Мамлекет сапаттуу журналистикага жана активдүү прессага кызыкдар”, - деди Байсалов.

Кыргызстанда былтыркы парламенттик шайлоого карата 61 телекомпания, 27 радиокомпания, 59 гезит-журнал жана 77 интернет-басылма катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG