Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Акылбек Жапаров Кумтөргө барып келди


Акылбек Жапаров (солдон биринчи).
Акылбек Жапаров (солдон биринчи).

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөргө барып, алтын кениндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 13-ноябрда билдирди.

Мекеме Жапаров кендеги бир нече объектти кыдырып чыкканын, ошол эле күнү Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолукканын гана кабарлады, андан башка маалымат айтылган жок.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.

"Центерра" кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн. Бирок ошентсе да алар канча алтын өндүрүлгөнүн коомчулукка расмий жана толук жарыялай элек.

22-сентябрда азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” “Кумтөр Голдду” кыргыз тарап башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын айтып берген. Ал эми 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдөн Кыргызстан 90 миллион доллар тапканын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG