Армения Москвага жардам сурап кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Армения Азербайжандан коргонуу үчүн Москвадан жардам сурап кайрылды. Эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал кайра курчуп баратат.

16-ноябрда Азербайжандын коргоо министри аскердик күчтөр Калбачар жана Лачын аймактарындагы Армениянын "ири провокациясын" алдын алды деп билдирүү таратты. Аталган аймактар Армения менен чектеш жайгашкан.

Министрдин айтымында армениялык аскерлер Азербайжандын аскерлери жайгашкан аймакты ар кандай колибрдагы миномет жана артиллерия менен аткылап, эки жоокерди жарадар кылган.

Армениянын коргоо министри Азербайжанга кудум ушундай айыптоолорду коюп, Азербайжан тараптын жоготуулары алда канча көп болгонун билдирди.

16-ноябрда Армениянын тышкы иштер министри Орусияга кайрылып, Армения, Орусия, Казакстан, Беларус, Кыргызстан жана Тажикстан кирген Жамааттык коопсуздук келишими уюмун "Азербайжандын куралдуу күчтөрүн Армениянын аймагынан чыгарууга" чара көрүүсүн талап кылды.

Армения менен Азербайжан былтыр күзүндө 44 күн Тоолуу Карабак анклавынын айынан согушкан. Ереван согушта Армениянын жана Тоолуу Карабактын 3 700дөн ашуун тургуну каза тапканын билдирген. Баку 2 900 кишисин жоготконун айтып келет. Ошондон бери ортодо чыңалуу улам курчуган учурлар катталып келатат.

Дагы караңыз

Жо Байден менен Си Цзинпин виртуалдык саммит өткөрүштүМигранттар беларус-поляк чек арасындагы тосмону бузууга аракет кылышты“Адилет” укуктук клиникасы Байсаловдун айткандары боюнча билдирүү жасадыАКШ Орусияны ракета сыноо үчүн айыптады