Кыргызстанда бир айда көмүр дагы 10% кымбаттады

Иллюстрация.

Кыргызстанда 18-ноябрга карата көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 706 сомду түзүп, бир айда 10,1% кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирип, баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% өскөнүн маалымдады.

Эң кымбат баа Ноокатта (10 039 сом), Баткенде (9 718 сом) жана Исфана шаарында (9 091 сом) катталган. Эң арзан көмүрдү Нарындын Чаек айылынан (2500 сом) жана Балыкчы шаарынан (4049 сомдон) алса болот.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам ири Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралууда.

12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркын мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. Бирок баа көтөрүлө берген.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, ар бир сатып алуучуга эң көбү эки тонна гана сатылууда.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров шайлоодон кийин "чыккынчыларды" жоопко тарта турганын айтты"Клооп" басылмасы "Коомар Медиа" аркылуу шайлоого байкоо жүргүзөтГермания мигранттар боюнча Лукашенко менен макулдашуу болгонун төгүндөдүАбакта кордук көргөн аял кенемтенин суммасына нааразы Орусияда мигранттар медициналык кароодон өтүп турууга милдеттендирилет