Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Орусияда мигранттар медициналык кароодон өтүп турууга милдеттендирилет


Орусия. Москванын мечитиндеги мигранттар.
Орусия. Москванын мечитиндеги мигранттар.

Орусияга 90 күндөн узак мөөнөткө барган чет элдик жарандар жана эмгек мигранттары 29-декабрдан баштап ВИЧ-инфекциясы менен маңзатка каршы медициналык маалымкат тапшырып турууга милдеттендирилди.

Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин буйругу даярдалганын ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Мигранттар медициналык күбөлөндүрүү документин баштапкысынын жарактуулук мөөнөтү бүткөн 30 күн аралыгында тапшырып турушу керек.

Жашы жете электердин жана акыл-эси толук эмес жарандардын документтерин ички иштер органдарына ата-энелери тапшырат.

Москванын мэри буга чейин калаадагы курулуш иштеринде иштеген мигранттардын санын азайтууну тапшырган. Эмгек мигранттарынын ордуна жергиликтүү тургундарды тартуу сунушталган. Бирок адистер мэриянын мындай сунушу иш жүзүнө ашпай турганын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG