АКШ "ИМ-Хорасан" тобунун үч лидерин дүйнөлүк террорчулардын тизмесине кошту

Ооган коопсуздук күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү деп шектелген адамдарды алып кетип баратышат. 1-октябрь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Ооганстандагы "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюмунун үч мүчөсүн өтө коркунучтуу глобалдык террорчулардын тизмесине кошту. 22-ноябрда мекеме тараткан билдирүүдө дагы бир адам аталган уюмга каржылык жардам көрсөткөнү үчүн Американын Каржы министрлигинин санкциясына кабылганы жазылат.

Глобалдык террорчулардын катарына кошулгандардын арасында Шахаб аль-Мухажир деген ат менен таанымал Санаулла Гафари бар. Аны "Ислам мамлекети-Хорасан" радикал уюмунун "азыркы эмири" деп коюшат.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө караганда, Гавари террордук топтун башчылыгына 2020-жылдын июль айында дайындалган. Ал Ооганстандын аймагындагы уюмдун бардык операцияларына жооптуу. Ошондой эле тизмеге "Ислам мамлекети-Хорасан" тобунун маалымат катчысы, "Султан Азиз" деген лакап ат менен белгилүү Азиз Азам жана топтун Кабулдагы жогорку даражалуу өкүлү Маулави Ражаб да кирди.

"Ислам мамлекети-Хорасан" радикал тобу Ооганстандын бийлигине талибдер келгенден кийин чабуулдарын күчөттү. АКШнын билдирүүсүндө, аталган топ былтыр 60 кол салуу уюштурган. Быйыл зомбулук 334кө көбөйдү.

Бир апта мурда "Ислам мамлекети-Хорасан" Кабулдун шийилер отурукташкан районунда уюштурулган жардыруу үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алды. Кандуу окуяда белгилүү ооган тележурналисти көз жумду.

Дагы караңыз

БШК Дастанбек Жумабековго эки айыппул салдыАбактагы мыйзамсыздык тууралуу айткан кызматкер иштен алындыПутин Азербайжан жана Армениянын башчылары менен жолугат