Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Абактагы мыйзамсыздык тууралуу айткан кызматкер иштен алынды


Иллюстрация
Иллюстрация

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы коррупциялык иштер жана кыйноо тууралуу айтып чыккан Акжол Раимбердиев жумуштан алынганын билдирди. Бул тууралуу өзү элге видеокайрылуу жасап, "Ютубдагы" баракчасына 21-ноябрда жарыялады.

Анын айтымында, "кызматкер маалыматтарды сыртка чыгарбашы керек" деген жүйө менен иштен алынган. Ал кызматтык кийимчен видеокайрылуу жасап, аны өзү иштеген мекеменин эшигинен киргизбей коюшканын белгиледи.

Раимбердиев өзү иштеген Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан №31 түзөтүү колониясындагы кыйноо, жемкорлук иштер тууралуу президентке видеокайрылуу кылган.

"Ошол коррупциялык иштерди айтпай эле койсом болмок экен. Президент "коррупцияны жоёбуз" деп айткандыктан, чара көрөт ко деп ишенген элем", - деп белгиледи ал жаңы кайрылуусунда.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Раимбердиев №31 колонияда катардагы кызматкер болуп иштегенин, кийин башка мекемеге которулганын тастыктады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ал кесиптик этика нормаларын жана мыйзам талаптарын бузганы үчүн ишенимден чыкты деген негизде иштен алынган. Эмгек кодексине ылайык, ал 2-декабрга чейин жумушун улантат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG