Беларустан 600дөй ирактык мекенине кайтты

Беларустун Минск аэропортунда ирактык мигранттар үйүнө кетүү үчүн учакка отурушууда.

Беларус-Польша чек арасында бир нече аптадан бери турган 600дөй ирактык 26-ноябрда мекенине кайтарыларын Ирак өкмөтү менен Күрд автономиясынын расмий өкүлдөрү билдирди.

Миңдеген мигранттар Беларус менен Евробиримдиктин тиреши курчуган маалда чек арада ары же бери өтө албай суукта турушканы кабарланган.

Ирактын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмед ас-Сахаф Беларустун борбору Минскиден Iraqi Airways компаниясынын эки учагында 617 жаран өз ыктыяры менен кайтып жатканын Ирактын расмий маалымат агенттигине билдирди. Эки учак тең 26-ноябрда Ирактын Күрдистан автономиясынын борбору Эрбилге конуусу пландалган. Бул тууралуу автономиялык аймактык өкмөттүн өкүлү Жиотиар Адил Твиттер баракчасына ырастап, жазды.

Өткөн аптада Беларустан көпчүлүгүн күрддөр түзгөн 400дөн ашуун ирактык жаран - биринчи эвакуациялык рейс менен мекенине жеткирилген.

18-ноябрда Минск шаарынан Iraqi Airways компаниясынын учагы менен жалпысынан 431 мигрант кайтып келди. Учак алгач Эрбилге конуп, андан соң Багдадга учкан.

Евробиримдик беларус лидери Александр Лукашенкону Жакынкы Чыгыштан мигранттарды азгырып алып келип, Польша, Латвия жана Литванын чек араларына багыттады деп айыптоодо.

Польша мигранттардын агымын токтотуу үчүн чек арасын бекемдеди. Варшава “мигранттар Беларус аркылуу чек арадан мыйзамсыз өтүүнү улантууда” деп билдирди.

Дагы караңыз

Күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөө мүмкүн болбой жатканы айтылдыАба ырайы: мезгил-мезгили менен кар жаайтЭл менен кен казган инвестордун келишпестиги эмнеде?