Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Аба ырайы: мезгил-мезгили менен кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. 26-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, күрткү түшөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0...-5, күндүз 5…10;​

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;​

Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15;

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 3…5 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG