Москвада алты добушкана ачылды

28-ноябрда Орусиянын баш калаасы Москвада Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн алты добушкана ачылды.

Бүгүн, 28-ноябрда Орусиянын баш калаасы Москвада Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн алты добушкана ачылды. Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:00дө (Бишкек убактысы менен 11:00дө) добушканалар ачылып, шайлоочуларды кабыл алууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Расмий эсеп боюнча Кыргызстандын 600 миңден ашуун атуулу Орусияда жашап, иштеп жүрөт. Бейрасмий эсепте мигранттардын саны бир миллиондон ашат.

Дагы караңыз Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 59у чет өлкөдө. Шайлоо комиссияларында 30 миң 508 адам иштеп жатат.

Жаңыланган мыйзамга ылайык, аралаш системада өтүп жаткан шайлоодо парламентке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. (BCh)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Журтташтар кандай депутаттарды күтүшөт?

Дагы караңыз

Мадумаров админресурсту жана добуш сатып алууну тыюу кыйын экенин айтты «Ишеним» партиясында эң көп добуш алган 10 талапкер«Ынтымак» партиясында эң көп добуш алган 10 талапкерТекебаев шайлоо салыштырмалуу таза өтүп жатканын билдирдиЕККУнун координатору жарандардын шайлоодогу активдүүлүгүн жогору баалады