Түркмөнстандын биринчи айымы алгачкы жолу медиага чыкты

Түрк жана түркмөн президенттери жубайлары менен. Ашхабад, 27-ноябрь 2021-жыл

Түркмөнстандын президентинин жубайы Огулгерек Бердымухамедова күйөөсү кызматка киришкен 2006-жылдан бери биринчи жолу медиага чыкты.

Түрк маалымат каражаттары президент Режеп Тайып Эрдоган жана түркмөн мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайлары менен түшкөн сүрөттү чыгарышты. Дем алыш күндөрү Эрдоган Ашхабадга барган.

Түркмөн маалымат каражаттары 27-ноябрдагы сый тамак учуруна тартылган бул сүрөттү жарыялашкан жок.

Түркмөнстандын биринчи айымы буга чейин медиага чыккан эмес. Адатта үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрүндө президентти уулу, кыздары же неберелери коштоп жүрөт.

Жубайы тууралуу маалымат да сыр бойдон кармалып келет.

Дагы караңыз

Президент Жапаров добушун абактагы Жээнбековго бергенин ырастадыОппозиция чогулду, БШК сервердин бузулуу себебин түшүндүрдүЕККУ байкоочулары: Кыргызстандыктар шайлоодон чарчадыКыргызстанда 2 млн. ашык киши коронавируска каршы вакцина сайдырды