Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгат

Шайлоо тилкелеринин бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңешке 28-ноябрда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирип, мыйзам боюнча акыркы жыйынтык шайлоо өткөндөн кийин 20 күн аралыгында жарыяланарын айтты.

Жекшембиде кыргыз парламентине шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учурап, жыйынтыкка байланыштуу маалыматтар алмашып кеткен. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Дагы караңыз

УКМК Текебаев кабылган окуяга байланыштуу билдирүү тараттыҮч депутаттын кол тийбестиги: Чечимди парламент кабыл алат "Аврора" пансионатына байланыштуу эки адам кармалды