Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

"Аврора" пансионатына байланыштуу эки адам кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ысык-Көлдөгү “Аврора” пансионатынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү улутташтыруудагы коррупция фактысы менен эки адам кармалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 1-декабрда "Азаттыкка" билдирди.

Ошондой эле, ал "Дача СУ” иши боюнча тергөө аяктоо алдында турганын, Июнь окуясы боюнча тергөө уланып жатканын, жыйынтыгы да жакында коомчулукка маалым болорун белгиледи.

“Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу, 2017-жылы "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна учактын кулашы жана 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу иштерди кайра иликтөөнү президент органдарга тапшырган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG