Кабулда активист аялдардын нааразылык акциясы өттү

Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанда аялдардын укугун коргогон активисттер нааразылык акциясына чыгышты. 5-декабрда борбор калаа Кабулда өткөн акциянын катышуучулары өкмөттү башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын аялдардын укугу тууралуу жарлыгын айыптап, билим алуу, иштөө жана саясатка аралашуу укугу чектелбеши керектигин билдиришти.

Өзүн Маржан Ибрагими деп тааныштырган келин жарлыкта аялдардын укугу толук камтылбаганын айтты:

“Жарлыкта биздин жалгыз проблемабыз күчтөп күйөөгө берүү сыяктуудай жазылып калыптыр. Бирок бул бизди түйшөлткөн жалгыз көйгөй эмес. Бул жарлыктан кийин биз билим алуу жана каалаган жумушубузда иштөө укугубуздан ажырадык деп айтсак болот” деди ал.

"Талибандын" жарлыгы 3-декабрда жарыяланган. Анда аялдардын шариаттагы укуктары сакталышы керектиги жазылган. Активисттер өспүрүм кыздарды күчтөп күйөөгө берүүнү токтотуу, кыздарды окутуу деген маселелер камтылбаганын айтып жатышат. (RK)

Дагы караңыз

“Талибан” мурдагы күч кызматкерлери боюнча айыптоону четке кактыМинскте орусиялык София Сапегага айыбы угузулду Шайлоо-2021: Кол санактын протоколдору 99,96% катталып бүттү