Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

“Талибан” мурдагы күч кызматкерлери боюнча айыптоону четке какты


Кабул. 2021-жылдын ноябрь айы.
Кабул. 2021-жылдын ноябрь айы.

“Талибан” баштаган ооган өкмөтү Батыштын Ооганстандын мурдагы күч кызматкерлерин жок кылуу тууралуу айыптоолорун четке какты. 5-декабрда талибдердин Ички иштер министрлиги АКШ, Европа Биримдиги жана дагы 20 өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүн негизсиз деп атап, Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун айыптоолорун да четке кагарын билдирди.

Мекеменин расмий өкүлү Кари Сайед Хости видеокайрылуусунда “Бул айыптоолордун далили жок” деди.

30-ноябрда HRW талибдер августтун ортосунда бийликти басып алгандан бери Ооганстандын төрт аймагында эле күч түзүмдөрүнүн жүздөн ашуун мурдагы кызматкери өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгонун билдирген. Кийин бир катар өлкөлөр да ушундай айыптоо менен чыгышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG