Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Европа: Вирус жугузгандар көбөйдү, чектөөлөр элди көчөгө чыгарды


Брюсселдеги акция. 21-ноябрь, 2021-жыл
Брюсселдеги акция. 21-ноябрь, 2021-жыл

Европанын бир катар шаарларында 5-декабрда да коронавирус пандемиясына байланышкан чектөөлөргө каршы он миңдеген киши көчөлөргө чыкты.

Брюсселде ушул аптада кабыл алынган кезектеги чараларга нааразылыгын билдирип, жүздөгөн киши чогулду.

Белгия бийлиги алты жаштан ашкан балдар беткап тагынып жүрүшү керек деген эреже киргизген. Бала бакчалар менен мектептер кышкы каникулга бир жума эрте тарамакчы. Имараттардын ичиндеги иш-чараларга 200дөн көп киши чогула албайт.

Бир күн мурда Венада 40 миңден ашуун киши төртүнчү ишемби катары менен нааразылык акциясын өткөргөн. Вирус жугузгандар кескин көбөйгөндүктөн, 22-ноябрда Австрия Европада биринчи болуп үч апталык карантин киргизген. Өлкөдө февралдан тартып коронавирустан эмдөө милдеттүү болуп эсептелет.

Нааразылык акциялары Германия жана башка өлкөлөрдө да болду. Европаны пандемиянын төртүнчү толкуну вирустун “Омикрон” деген жаңы штаммы камтама кылып жаткан тушта каптады.

Илимпоздор бул вариант тууралуу маалымат азырынча аз дегени менен, континенттин саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү алдыдагы айларда “Омикрон” коронавирус жугузгандардын жарымынан көбүн түзүшү ыктымал деп болжолдошот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG