Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Минскте орусиялык София Сапегага айыбы угузулду


Сапеганы жана Протасевичти бошотуу талабы коюлган пикет. 2021-жылдын май айы.
Сапеганы жана Протасевичти бошотуу талабы коюлган пикет. 2021-жылдын май айы.

Белорус прокуратурасы оппозиционер блогер Роман Протасевичтин сүйлөшкөн кызы, быйыл май айында аны менен кошо кармалган Орусиянын жараны София Сапегага акыркы айыбын угузду. Ал “кастык козуткан” деп шектелүүдө жана бул үчүн кеминде алты жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сапега “Телеграмда” белорус оппозициясынын тарапкерлери күч кызматкерлеринин жеке маалыматын жарыялап турган каналды башкарган деп айыпталууда.

Беларуста жашап келген орусиялык София Сапега жана Роман Протасевич быйыл 23-майда Афиныдан Вилньюска учуп бара жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы күчтөп Минск шаарына кондурулганда кармалган. Кийин экөө тең үй камагына алынган. Протасевич Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин сындап жүргөн жана соңку кездери Литвада баш калкалап келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG