Бишкекте "жашыл технологиялардын" көргөзмөсү өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 10-декабрда Бишкекте "жашыл технологиялардын" көргөзмөсү жана экономиканы табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу шартында жүргүзүү маселелерин талкуулаган форум өтөт.

Green EXPO көргөзмөсүнө кыркка жакын компания катышып, жергиликтүү ишкерлерге экологиялык таза технологиялар жана бизнес-мүмкүнчүлүктөр, бул жаатта мамлекет жана өнүктүрүү программалары түзүп жаткан шарттар тууралуу маалымат беришет.

Ал эми форумда "жашыл экономиканы" коронавирус пандемиясынын шартында өнүктүрүү жолдору, тоскоолдуктар талкууланып, аларды жоюу мүмкүнчүлүктөрү жана жеке сектордогу, айыл чарбасындагы, энергетикадагы негизги багыттар тууралуу сөз болот.

Иш-чараны быйыл JIA бизнес-ассоциациясы, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы Экономика жана коммерция министрлиги менен биргелешип уюштуруп жатышат.

Быйыл Шотландиянын Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыян газдарды 44% кыскартарын, 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн айткан. (RK)

Дагы караңыз

Азербайжан менен Армения бири-бирин тынчтык келишимин бузду деп айыпташтыДүйнөдө медиага чабуул күчөдүЖаңылыктар | 9.12.2021 | Быйыл камалган жана каза тапкан журналисттер көп болдуЖогорку Кеңеш: Депутаттарга иш бөлмөнү комиссия бөлүштүрөт