БШК 7-чакырылыштын депутаттарын каттоону убактылуу токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты. Бишкек

Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 22-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.

“Сотто бир нече арыздар каралып жатат. Бирдиктүү округ боюнча дагы биз кабыл алган чечимге каршы үч арыз бар. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоону убактылуу токтотуп турабыз”, - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Буга чейин Боршайком ушул күнү шайлоодон утуп келген талапкерлерди каттоону пландап жаткан. 23-декабрда аларга депутаттык мандат тапшырылып, 7-чакырылыштагы парламент алгачкы сессиясын өткөрөрү кабарланган.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш судья Боронбаеваны убактылуу кызматтан четтетүүгө макул болду Чек ара кызматы ок атуу окуясы боюнча түшүндүрмө бердиСаясатчы Бактыбек Калмаматов камалды Чек арадагы ок атуу боюнча сүйлөшүү башталдыКалмаматовдун үйүндө, кеңсесинде тинтүү жүрүп жатканы кабарланды Президент Бакудагы элчи Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады