Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Калмаматовдун үйүндө, кеңсесинде тинтүү жүрүп жатканы кабарланды


Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аймактар аралык кастыкты козутууга шектүү катары кармаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бакытбек Калмаматовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” анын адвокаты Айым Камчыбекова билдирди. Ал учурда экс-депутаттын кеңсеси тинтилип жатканын кошумчалады.

Мурдараак УКМК Калмаматов аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалганын маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат тастыкталганы айтылат.

Атайын кызмат тинтүү тууралуу маалыматты ырастай элек.

Экс-депутат жана саясатчы Бакытбек Калмаматов 22-декабрдын түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган. Анда Сауд Арабиясына эки жумалык кичи ажылык зыяратка баратканда чек арачылар ага “өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин” айтышканын билдирген. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, "күбө катары суракка чакырылганы" тууралуу кагаз беришкен.

Ал сегиз сааттан ашык Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) суракта отурганы айтылды. Адвокаты Айым Камчыбекова алгач коопсуздук кызматкерлери Калмаматовдун жалпы жарандык паспорту жасалма болушу мүмкүн деп текшерип жатканын маалымдаган.

Бийликти кескин сындап жүргөн саясатчы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG