Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Президент Бакудагы элчи Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады


Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта "Sputnik Азербайжан" агенттигинин пресс-борборундагы басма сөз жыйынына шилтеме кылуу менен Кайрат Осмоналиев “Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Орусиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады” деп жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганы жана чагымчыл мүнөзгө ээ экени айтылат. Элчинин маегинде бул тууралуу сөз да болбогону белгиленген.

Маалымат каражаттарында бул сыяктуу бурмаланган чечмелөөгө жана айың-кептерге жол бергени, борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыяланган.

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев "Sputnik Азербайжандын "пресс-борборундагы маалымат жыйынында Борбор Азиядагы беш мамлекет менен Кавказдагы үч өлкө ортосунда 5+3 форматындагы жолугушуу өткөрүү жөнүндө Кыргызстандын демилгесин айтып, аны Азербайжан колдогонун билдирген.

Орусиялык Lenta.ru сайты элчинин айтканын "Орто Азия жана Кавказ мамлекеттерине Орусиясыз жолугушуу сунушталды" деген тема менен чыгарган.

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган.

Осмоналиев 48 жашта. Орусиянын Омск шаарындагы милициянын жогорку мектебин артыкчылык менен аяктаган. 1994-жылдан тарта укук коргоо органдарында, эл аралык уюмдарда ар түрдүү кызматтарды аркалаган.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болчу. 2010-2016-жылдары Дипломатиялык академиянын проректору болуп иштеген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG