Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Грузия: оппозиция Саакашвилини колдоп, митингге чыкты


Грузия. Экс-президент Михаил Саакашвилинин туулган күнүнө туш келген оппозициянын парламенттин жанындагы митинги.
Грузия. Экс-президент Михаил Саакашвилинин туулган күнүнө туш келген оппозициянын парламенттин жанындагы митинги.

Шейшемби күнү кечинде Тбилисиде парламент имаратынын алдына оппозициянын миңдеген тарапкерлери чогулуп, камактагы экс-президент Михаил Саакашвилини бошотууну талап кылышты.

Оппозиция лидерлеринин бири Хатия Деканоидзе "Грузияда адамдардын эркиндиги менен соодалашууну токтотуу керек" деп чогулгандарга кайрылды.

Оппозициянын дагы бир өкүлү Заал Удумашвили талаптар аткарылмайынча мөөнөтсүз нааразылык акцияларын өткөрүүгө убада берди.

"Үчүнчү президент (Саакашвилини айтып жатат) бошотулмайынча жана ага каршы соңку 7 жылдан бери жүрүп жаткан саясий куугунтук токтомоюнча нааразылык акциялары уланат", - деди Удумашвили.

21-декабрда шейшембинин кечиндеги оппозициянын демонстрациясы Саакашвилинин туулган күнүнө туура келди.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили шейшембиде 54 жашка толду.

Саакашвили октябрда Грузиядагы жергиликтүү шайлоонун алдында өзү негиздеген партияга колдоо көрсөтүү үчүн мекенине кайтып келери менен кармалып, камакка алынган.

Экс-лидер 2013-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин Грузиядан чыгып кеткен жана кийин жарандыктан ажыратылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, сот аны сыртынан алты жылга эркинен ажыраткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG