Аба ырайы: кээ бир аймактарда туман түшөт

Кыргызгидромет борбору 25-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 7…12;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 9…11 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камалдыАКШ менен Украина орус президентинин сөздөрүн четке кагыштыЕвропада коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүүдөКүн, шамал энергиясы: мүмкүнчүлүк бар, колдонуу аз