БШК шайлоонун жыйынтыгын бекитип, депутаттарды каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитип, партиялык тизме менен утуп келген депутаттарды каттады.

Маалыматты "Азаттыкка" БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов ырастады. Жогорку соттун чечимдерине байланыштуу Чүй-Кемин шайлоо округунан Медербек Саккараев менен "Альянс" партиясынын тизмеси боюнча талапкер Жанарбек Акаев мандат алары белгилүү болду.

Буга чейин Боршайком Кыргызстандагы бир мандаттуу 33 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткен. "Баарына каршы" көп добуш берилген Биринчи май жана Свердлов округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылып, бул округдарда 2022-жылдын 27-февралында кайра шайлоо белгиленген.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система менен өттү.

Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. Алардын 54ү партия тизмеси аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланды.

29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант берип, биринчи сессиясын өткөрө турганы күтүлүп жатат.

Парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. (КЕ)

Дагы караңыз

Коллежде диний китептерди мажбурлап окутуу фактысын милиция териштиретЖогорку сот "Альянс" партиясынан Жанарбек Акаевдин депутат болуусуна жол ачтыКайра шайлоо: БШКга эки арыз түштү29-декабрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы ант берет