Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Коллежде диний китептерди мажбурлап окутуу фактысын милиция териштирет


Диний китептерди мажбурлап окутуп жатканын айткан студенттер. Сүрөт видеокайрылуудан алынды.
Диний китептерди мажбурлап окутуп жатканын айткан студенттер. Сүрөт видеокайрылуудан алынды.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Шопоков шаарындагы коллежде мугалимдер диний китептерди мажбурлап окутуп жатканы тууралуу маалыматты милиция териштирет.

Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 28-декабрда билдирди.

Мунун алдында өздөрүн Шопоков шаарындагы билим берүү коллежинин студенттери деп тааныштырган жаштардын тобу аларга айрым мугалимдер диний китептерди мажбурлап окутуп жатканын билдирип чыгышкан. Интернетте тараган видео кайрылууда алар бул көрүнүштү токтотууну өтүнүшкөн.

Милициянын маалыматына караганда, студенттердин кайрылуусу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан катталып, ар тараптуу териштирүү иштери башталганы кабарланды.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Республикада калктын 80% ашууну ислам динин карманат.

Өлкө саясатына диний уюмдардын жана ишмерлердин аралашуусуна тыюу салынган.

Азыр Кыргызстанда 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Жалпысынан өлкөдө 3 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн.

Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG