Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Москва-Вашингтон сүйлөшүүлөрү 10-январда өтөт


АКШ менен Орусиянын куралды көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрү 10-январда өтөт.

12-январга Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны пландалууда. Эртеси Москва менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү жолугушмакчы. Ак үйдүн билдиргенине караганда, кездешүүлөрдө Украина менен Орусиянын чек арасындагы абал талкууланат.

Ошол эле маалда орус тышкы иштер министрининин орун басары Сергей Рябков даталар боюнча соңку макулдашууга жетише электигин 28-декабрда "РИА Новости" агенттигине маалымдады.

Дүйшөмбүдө Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров Москва менен Вашингтондун коопсуздук кепилдиктери тууралуу сүйлөшүүлөрү жаңы жылдык эс алуудан кийин өтөрүн билдирген. Орусия тараптан ага аскер адамдары кирген мекемелер аралык делегация катышат.

Мунун алдында АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Карен Донфрид дагы жолугушуу январда өтүшү мүмкүн деп айткан. Бирок Вашингтон орустардын айрым сунуштарын кабыл албасын эскерткен.

Москва 17-декабрда коопсуздук кепилдиктерине тиешелүү эки долбоорду тартуулап, НАТОдон чыгышка карай кеңейүүдөн баш тартууну талап кылган.

Батыш орус бийлиги чек арага аскерлерин топтоп, украин аймагына кайрадан басып кирүүгө даярданууда деп шектенүүдө. Мындан улам ортодогу мамиле чыңалып кеткен.

Москва айыптоолорду четке кагып, Киев "Батыштын көмөгү менен аскердик кубатын арттырууда", НАТОну "орус чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрүүдө" деп сындап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG