Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат


Торугарт.
Торугарт.

Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Демилге Кытай тараптан болгон.

Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам бекеттери 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү жабык болот. Аталган бекеттер 4-январдан тарта атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүү менен ишин улантат.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жабылып турат.

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 24-декабрда "Азаттыкка" берген маегинде Торугарт жана Эркечтам бекеттери аркылуу күнүнө 150дөн ашык жүк ташуучу автоунаа өтүп жатканын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG