Саакашвили түрмөгө кайтарылды

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили сотто.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Горидеги ооруканадан Руставинин түрмөсүнө которулду. 30-декабрда адвокаттар саясатчынын саламаттыгына тынчсыздануусун билдиришти.

"Мен анын тирүү экенин көрүшүм керек"-деген адвокат Ника Гварамиянын айтымында, Саакашивилини эч кимге жолуктурбастан которуп жиберишкен.

Экс-президент 1-октябрда Грузияга кайтары менен камалган. Ал 19-ноябрда 50 күндүк ачкачылык акциясынан кийин Горидеги аскердик ооруканага которулган. Саакашвили жана анын тарапташтары камакта кыйноого кабылганын айтышкан.

18-декабрда көз карандысыз медициналык топ аны көзөмөлдөн өткөрүп, саламаттыгы "кыйноолордон, катаал мамиледен, тийиштүү медициналык жардамдын көрсөтүлбөгөнүнөн жана узакка созулган ачкачылыктан" кыйла начарлаганын аныктаган.

28-декабрда Украинанын Тышкы иштер министрлиги Грузия бийлигин Саакашвилиге "сый мамиле" кылууга чакырып, ага кошумча дарылануу керектигин билдирди. Украин жарандыгын алган Саакашвили Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган.

Экс-президент буга чейин чыккан өкүмдөр боюнча алты жылга кесилген. 54 жаштагы Саакашвили жана оппозиция бул иштер саясатташтырылганын айтып келет.

Дагы караңыз

Президент депутаттарды Иш башкармалыкты бөлүү оюнан кайтууга чакырдыИИМ кылмыш чөйрөсүндө жогорку макамы бар тогуз киши камакта экенин билдирдиМолдованын экс-президенти 12 млн. доллар уурдоого катышы бар деп шектелүүдөЖогорку Кеңештин түзүмүн аныктоодо талаш чыкты