"Кыргызгидромет" агенттигинин маалыматына ылайык, 12-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз +9…+11° градуска жетет.
Дагы караңыз
Бишкекте COVID-19 курмандыктарына арналган көргөзмө ачылдыСокулук районунун акимине сөгүш берилип, орун басары иштен алындыАлихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болду Түркияда кыргызстандык кыздар сексуалдык кулчулуктан куткарылганы кабарландыТокаев: ЖККУнун аскерлери эки күндөн кийин чыгарыла баштайт