Бишкек мэриясы лифттеги окуя боюнча комиссия түздү

11-январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабатту үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, бир адам кыпчылып көз жумган.

Бишкек шаардык мэриясы 11-январда лифтке кыпчылып каза тапкан адамдын окуясын иликтөө үчүн тармактар аралык комиссия түздү.

Комиссиянын курамына "Бишкеклифт" муниципиалдык ишканасы, Октябрь райондук акимчилиги, Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, комиссия окуя болгон жерге экспертиза жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизаны эске алуу менен анын корутундусун даярдамай болду. Окуяны укук коргоо органдары да иликтейт.

11-январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, бир адам кыпчылып көз жумган.

Кыргызстанда лифттен кырсыктап каза болгон учурлар буга чейин дагы болгон. 2015-жылы Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда лифт оңдоп жатып бир киши каза болгон. 2018-жылы Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза тапкан. (BCh)

Дагы караңыз

Түркия Казакстандан жарандарын эвакуацияладыКоронавирус жуктургандар көбөйүүдө, 465 жаңы учур катталдыCындаары жоктун сынары анык"Ак-Тилек" чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны байкалды