Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Түркия Казакстандан жарандарын эвакуациялады


"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы.
"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы.

Түркия Казакстандан жарандарын эвакуациялаганын "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын генералдык директору Билал Экши "Твиттерге" жазды.

Экши 11-январда Стамбулдан Алматыга атайын учак жөнөтүлүп, 167 түркиялык жаран мекенине алынып келгенин кабарлады. Алар негизинен Алматы шаарында жашап иштеген түркиялыктар экени айтылды.

Ошондой эле Казакстандагы башаламандыктан улам жабык турган аба каттамдары Стамбул шаарынан башкалаа Нур-Султанга, Актау жана Түркистан шаарларына 13-январдан баштап ачылары жазылат.

Буга чейин түркиялык басылмалар "Түрк аба жолдорунун" аткаруучу директору Илкер Айжы үй-бүлөсү менен жаңы жылда Алматы шаарына барганын, тополоң башталганда шаардагы мейманканалардын биринде байланышсыз калганын жазып чыгышкан. Ал эми 6-январда Айжынын үй-бүлөсү атайын учак менен Стамбулга алынып келингени Түркияда чоң резонанс жараткан.

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы Түркиядан Казакстандын Нур-Султан, Алматы жана Актау шаарларына 9-январга чейин каттамдарын токтоткон. Казакстандык "Эйр Астана" компаниясы дагы Түркия боюнча каттамдарын убактылуу токтоткон. Ал эми Стамбул - Чымкент каттамы кадимки тартипте иштеп жатканы кабарланды. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG