Айыл чарба министрлиги мал-жандыкты идентификациялоо боюнча маалымат берди

Суусамыр өрөөнү.

2021-жылы 628,3 миң баш ири мүйүздүү мал жана 109,5 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, жаныбарларды көзөмөлдөө системасына киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө 76 028 бал челек, 471 көлмө жана 36 үй канаттуулар чарбасы идентификациядан өткөрүлүп, жеке чарбалардагы үй канаттуулардын саны такталган.

Айыл чарба министрлиги мал-жандыкты идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасынан жаныбарлардын туулгандан союлганга чейинки убактагы бардык маалыматын алса болорун белгилейт.

Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң. Кыргызстандын ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.

Айыл чарба министрлиги Улуттук статистика комитети менен биргеликте өлкөдөгү малдын башына санак жүргүзүп жатат. Өлкө аймагындагы мал-жандыктарды жана үй канаттууларын кайра каттоонун жыйынтыгы 2022-жылдын 16-февралында белгилүү болот. (МТа)

Дагы караңыз

COVID-19дан эки адам каза болдуБекназаров: Мадумаровго каршы көрсөтмө бериш үчүн келген жокмун Кумтөрдөн түшкөн миллиондор, Бөлтүрүктүн отчетуТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)