Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Бекназаров: Мадумаровго каршы көрсөтмө бериш үчүн келген жокмун


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго кайрылды. Анын видео кайрылуусун уулу Руслан Бекназаров жарыялады.

Элчи кайрылуусунда Кыргызстанга кызматтык иш сапар, анын ичинде июнь окуясы боюнча көрсөтмө берүү үчүн келгенин, "Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө бергенге келди" деген сөздөр туура эместигин билдирген.

"Мындан эки жыл мурда Адахан мырзанын мени элчиликке сатылып кетти деген сөзү боюнча маалымат жыйынында берген жообумду эки жылдан бери үзгүлөп-кескилеп, Адаханга каршы колдонуп жүрөт. Кечээ тергөөчүлөрдүн ошол сөзүңүздү тактап коелу дегенине макул болгонумду кайрадан бийлик дагы, Адахан дагы саясат кылып жатат", - деди Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 17-18-январда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берип чыккан. Элчи "Азаттыкка" беттештирүү иши башталганын айткан.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сурак берип жаткан Адахан Мадумаров 18-январда сурактан чыккандан кийин "эртең жекеме-жеке жолугушуулар болот экен, бир азамат Мадумаровго каршы сүйлөп берем деп келген экен" деп айткан.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары суралып баштаган.

Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып жатат.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын билдирген.

Июнь окуясы боюнча 2021-жылдын аягында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов да Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.

2010-жылдын июнь айындагы окуяга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайрадан тергеле баштаганын былтыр апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарыялаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG