Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Казакстанда январь окуяларында кайтыш болгондордун саны 227ге жетти


Нааразылыкка чыккандарды таратуу учуру. 5-январь, 2022-жыл.
Нааразылыкка чыккандарды таратуу учуру. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстанда январь айындагы башаламандык учурунда жабыркап, ооруканада жаткан дагы эки киши каза болду. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ажар Гинияттын маалыматы боюнча, ушуну менен көз жумгандардын саны 227 адамга жетти.

Жапырт башаламандык учурунда жараат алган 200 киши ооруканада дарыланууда, 14 бейтаптын абалы оор.

Коңшу өлкөдөгү соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингден кийин башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп баалаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG