Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Мадумаров суракта башка адамдар менен беттештирилет


Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадан 17-январда сурактан чыккандан кийин.
Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадан 17-январда сурактан чыккандан кийин.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 18-январда Башкы прокуратурадан кезектеги сурактан чыкты. Ал мекеменин алдында күтүп турган тарапташтары менен жолугуп сурак 19-январда да уланарын, тергөөнүн алкагында башка адамдар менен беттештирүү болорун айтты.

Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары суралып баштаган.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып жатат.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG