Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Президент жаңы Салык кодексине кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 18-январда кабарлады. Документти Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган.

Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирди.

"Кодекс менен салык салууга карата эки негизги ыкма каралган. Пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы (КНС) сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режимин жүгүртүүсү 30 млн. сомдон жогорку болгон ири бизнес субъектилери тарабынан колдонулат. Бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъектилерине жайылтылат. Мындан сырткары, Кодексте электрондук коммерцияга салык салуу 2% өлчөмүндө каралган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тигүү тармагына (5 жылга бирдиктүү салык — 0,25% өлчөмүндө), зергерчиликке (зер буюмдардын өндүрүүчүлөрүнө 5 жылга КНС боюнча жеңилдиктер), авиациялык тармакка (убактылуу ташып келүүлөргө КНС боюнча жеңилдиктер) жеңилдиктер берилди.

Экономикалык ишмердикти жүргүзүү үчүн аянтты ижарага бергендер, анын ичинде базарларда (кичи-базарларда) жана соода борборлорунда (үйлөрдө) соода орундарын бергендер ижарачылар менен келишим түзгөндө аларда көзөмөл кассалык аппарат (ККМ) болушу керектигин милдеттүү түрдө белгилеши керек.

Жөнөкөй тил менен айтканда, ишкерлер көзөмөл кассалык аппараттарын (ККМ) колдонууга милдеттүү. Былтыр декабрь айында "Дордой", "Дордой Моторс", "Таатан" базарларындагы соодагерлер ККМ аппараттарын киргизүүгө каршы акцияга чыгышкан.

Жаңы Салык кодекси кабыл алынгандыгына байланыштуу 2009-жылдын 1-январында ишке кирген Салык кодекси күчүн жоготту деп эсептелет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG