Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

ЖК: эки комитет министр кызматына Имановдун талапкерлигин жактырды


Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

Жогорку Кеңештеги (ЖК) Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти комитети санарип өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды. Ал тууралуу жыйындарда президенттин жана Министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан. Ал буга чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген.

Журналисттер Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун иликтеп чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.

Талантбек Иманов мындай маалыматтарга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG