Бээжин Олимпиадасы: Спорт саясатка куралбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Саналуу күндөн кийин Бээжинде XXIV Кышкы Олимпиада башталууда. АКШ жана бир катар мамлекеттер Кытайдагы адам укуктарынын абалына, Шинжаңдагы мусулмандарды басмырлоого, Тибеттеги, Гонконгдогу антидемократиялык аракеттерге нааразылыгын билдирип, дүйнөлүк мелдештерге расмий делегацияларын жөнөтпөөнү чечти. Айрым саясатчылар менен активисттер оюндарды толугу менен бойкоттоого үндөп, репрессивдүү, автократ бийлиги бар өлкөлөргө мындай мартабалуу иш-чараларды өткөрүү укугунун берүүнү сындашат. Олимпиаданы бойкоттоо өңдүү кескин чаралардан канчалык майнап чыгат?