Армениянын президенти күтүүсүз отставкага кетти

Армен Саркисян Жаңы жыл менен куттуктап жатат. Ереван, 31-декабрь 2021-жыл

Армениянын президенти Армен Саркисян күтүүсүздөн отставкасын жарыялады. Мамлекет башчы кризис учурунда саясатка таасир этүү үчүн ага берилген ыйгарым-укуктар жетишсиз экенин билдирди.

"Улут жана өлкө үчүн азыркыдай оңой эмес маалда президенттин ички жана тышкы саясатта фундаменталдуу жараяндарга таасир этүү инструменттери жок”, - деп билдирди Саркисян 23-январда расмий сайтында.

Президент кызматтан кетүү чечимин кабыл алганда эмоцияга жетеленбей, белгилүү бир логикага таянганын белгиледи.

69 жаштагы саясатчы премьер-министр Никол Пашинянды бир катар маселелерде, асыресе Азербайжан менен 6 апталык согуш учурунда сындап келген.

Орусиянын арачылыгы менен түзүлгөн келишим аркылуу аяктаган уруштун натыйжасында Ереван Тоолуу Карабак аймагында жана айланасында бир нече райондордон кол жууп калган.

Саркисян тиешелүү сүйлөшүүлөргө катышпай калганына, армия кол башчыларынын кызматтан алынышына нааразылыгын билдирген.

Армения, Конституцияда көргөзүлгөндөй, парламенттик өлкө. Президенттин кызматы церемониалдык мааниге ээ, ыйгарым-укуктары чектелген.

Саркисян мурда премьер-министр, ага чейин Британиядагы элчи болгон. Жогорку кызматка 2018-жылы мартта жети жылга шайланган. Анын ордун ким басары азырынча белгисиз.

Баш мыйзамга ылайык, мөөнөтсүз шайлоо 25-35 күнгө чейин өтүүгө тийиш.

Дагы караңыз

Орусияда коронавируска бир күндө 63 миңден ашуун киши чалдыктыКыргыз-тажик чек арасы: зым менен тосуу иши убактылуу токтотулдуКыргызстанда дагы бир медициналык кесиптик кошуун түзүлдү