Пакистанда аскер базаларга болгон чабуулдан 20дай адам көз жумду

Белужистан провинциясындагы өкмөттүк аскерлер. 7-октябрь, 2016-жыл.

Пакистандын ички иштер министри Рашид Ахмад 3-февралда билдиргендей, Белужистан провинциясындагы эки аскер базасына кол салуу болгон. Анда төрт аскер жана 15 козголоңчу көз жумган.

Чабуул үчүн "Белужистан боштондук армиясы" деп аталган жикчил топ жоопкерчилик алды. Өткөн жумада аталган топ Гвадар портунун жанындагы аскердик бекетке кол салып, он жоокер көз жумган. Премьер-министр Имран Хан аскерлер "баатырларча курман болгонун" билдирди.

Белужистанда партизандар кошуундары өкмөткө каршы ондогон жылдардан бери акцияларды уюштуруп келишет. Исламабад Индияны жикчил топту колдойт деп айыптап келет. Нью-Дели мындай айыптоолорду четке кагууда.

Дагы караңыз

Салык кызматы Аскар Сыдыковду "негизсиз дооматтан" карманууга чакырды Байден менен Макрон Украина кризисин талкуулады Жогорку Кеңеш Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдоду