Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Жогорку Кеңеш Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдоду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасында 27-январда болгон окуя боюнча Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдоду. Аны 3-февралдагы парламент отурумунда депутат Камила Талиева окуду.

"Эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, ынтымак, коңшулаштык жана өз ара колдоочулук мамилеге каршы келген кезектеги чек ара жаңжалына олуттуу тынчсыздануубузду билдиребиз. Боордош элдин ортосунда адам жоготууларына жана карапайым калктын азап чегүүсүнө алып келүүчү чек ара жаңжалдары болбошу керек", - деп айтылат кайрылууда.

Депутаттар эки өлкөнүн парламенти мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо ишин жөнгө салууга жана тездетүүгө өбөлгө түзүш керектигин белгилешкен.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик жарандары жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тарап башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атканын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG