COVID-19: үч адам каза болуп, вирус 83 кишиден аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада (7-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 83 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 63 киши.

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 199 миңден ашты, 2905 адам каза болуп, 191 миңден көп киши сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 819 бейтап ооруканаларда, 3161 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус жуккан медициналык кызматкер катталган жок. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7719 учур катталды. Алардын ичинен 7265 дарыгер айыгып чыккан.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Назарбаевага таандык деген экинчи компания менен келишим токтотулду Кытай Кыргызстанга 50 млн. юань кайтарымсыз жардам беретСултанбаев президенттин учагы тууралуу маалыматка түшүндүрмө бердиХарьковдо 5 миңдей адам Орусиянын чабуулуна каршы жүрүшкө чыгыштыӨзүн президент менен УКМК төрагасынын жакындары катары тааныштыргандар кармалдыАкыйкатчы: Сокулукта сабалган бала мурда да зомбулукка кабылган болушу мүмкүн