“Апрель” телеканалынын кабарчысы социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарын кимдир бирөөлөр бузуп кирүүгө аракет жасаганын айтып милицияга кайрылды. Бул тууралуу маалымат телеканалдын сайтына 14-февралда жарыяланды.
Журналист Юлия Кулешова Facebook түйүнүндөгү жана Telegram мессенжериндеги профилдерине 8-февралда чабуул жасалганын, кабарчы катары кесиптик ишмердүүлүгүнүн коопсуздугуна коркунуч жаралганын айтып, ошол адамды табууну жана жоопко тартууну өтүнгөн.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу экени айтылган “Апрель” санарип телеканалы эфирге 2018-жылы чыга баштаган.
Кыргызстанда киберкоопсуздук боюнча стратегия 2019-жылы кабыл алынган. (RK)
Дагы караңыз
Венгрия Европа Биримдигинен чыгуу демилгесин төгүндөдүОрусиялык спортчу Валиевага Олимпиадага катышууга уруксат берилдиКыргыз-казак чек арасында кармалган Сыймык Өмүрбек уулу жакын арада бошотулары айтылдыМинистр Жаныбеков: 309-токтомдун пайдасын мезгил далилдейт