COVID-19: эки бейтап каза болуп, 41 адамдан вирус жаңы аныкталды

Омикрон штаммы.

Соңку бир суткада (18-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 41 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 20 киши.

  • Чүй облусу – 14
  • Ысык-Көл облусу – 5
  • Талас облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу – 1

Калган аймактарда вирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2939 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Допинг чырына кабылган спортчу Валиева 4-орунду алдыАКШ Москвадан украин кризиси боюнча сунушка жооп алдыКыргызстан Орусияга миграциялык жаңы эрежелерге байланыштуу нота жөнөттүАида Касымалиева: ЖККУ коопсуздук боюнча негизги уюмдардын бири боло алдыОрусия аскерлерин артка кайтарып жатканын үчүнчү жолу кабарлады