Ноокат-Баткен авто жолун оңдоого JICA 50 миллион доллар берет

Иллюстрация сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-февралда Баткен облусундагы эки күндүк иш сапарынын алкагында Ош - Баткен - Исфана авто жолун оңдоо иштери менен таанышты. Өкмөт башчы анда оңдоп-түзөөнү тездетүүнү тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, жолдун Ноокат - Баткен бөлүгүн (28-75 чакырымын) оңдоого жакында тендер жарыяланат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жапон өкмөтү каржылаган JICA - жапон эл аралык кызматташтык агенттиги 50 миллион доллар берет.

Акылбек Жапаров аталган облуста 22-февралда өкмөттүн көчмө жыйынын өткөрөт. Анда негизинен “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы талкууланат. Башында бул мыйзамдын алкагында өзгөчө макам берилчү айылдардын тизмеcине 62 кыштак кирген, кийинчерек алардын саны 80ден ашышы мүмкүн экени айтылган.

Президент Садыр Жапаров бул мыйзамга өткөн жылы сентябрда кол койгон. Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган. Тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын эки миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү каралган. (ArN)

Дагы караңыз

Той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоору даярдалды Окуучулардын тамагына жылына 1,6 миллиард сом бөлүнөт Орус-украин тирешинде күчөгөн соода