Ооганстанда балдарды шал оорусуна каршы эмдеген сегиз дарыгерди өлтүрүп кетишти

Ооганстандагы полиомиелит – балдардын шал оорусуна каршы вакцинациялоо учуру.

Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанда 24-февралда полиомиелит – балдардын шал оорусуна каршы вакцинациялоо тобуна жасалган чабуулдан сегиз дарыгер каза болгонун маалымдады. Уюм кабарлагандай, кол салуулар төрт башка жерде болгон.

“Бул маңызсыз зомбулук аракеттери таптакыр токтотулушу керек, иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жазасын алышы шарт. Бул чабуулдар эл аралык гуманитардык укукту бузуу болуп саналат”,-деп айтылат билдирүүдө.

БУУ жети адам Кундуз провинциясында, бир дарыгер Тахар провинциясында өлтүрүлгөнүн белгиледи. Дарыгерлер үймө-үй кыдырып, вакцинация өнөктүгүн баштаганы турушкан. Кылмышка эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Кундуздагы талибдердин полициясынын өкүлү Обайдулла Абиди “Азаттыктын” ооган кызматына кабарлагандай, өлгөндөрдүн төртөө аялдар. Ушул эле провинциядагы маалымат жана маданият бөлүмүнүн башчысы Матиулла Рохани күч кызматтары кылмышкерлерди кармоо аракеттерин улантып жатканын билдирди.

Мындай кылмыштар ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму былтыр ноябрда полиомиелит оорусуна каршы жалпы улуттук кампания баштагандан бери биринчи жолу катталып жатат. “Талибандын” (Кыргызстанда тыюу салынган) уруксаты менен бул өнөктүктүн алкагында жалпы үч миллиондой бала вакцина алышы керек.

Полиомиелит оорусуна каршы вакцина жасагандарга кол салуулар Ооганстанда мурда көп катталчу. Өткөн жылы эле Нангархар провинциясында белгисиз жоочулар бир нече дарыгерди атып кетишкен. Радикалдуу исламисттик “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин бул ооруну түп тамыры менен жок кылуу үчүн БУУ менен кызматташарын маалымдаган.

Пакистан менен Ооганстан полиомиелит оорусу жоюла элек өлкөлөр болуп саналат. Пакистанда да ооруга каршы вакцинациялоо каршылыктар менен коштолуп келет. Ислам жоочулары вируска каршы эмдөө жүргүзгөн дарыгерлерди өлтүрүп кеткен учурлар катталган. Экстремисттер вакцинация жергиликтүү балдарды тукумсуз кылууну көздөгөн Батыштын планы деп айтышат.

Балдардын шал оорусу, же полиомиелит - кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Айыктыруучу дары жок болгондуктан, полиомиелитке каршы эмдөө балдарды коргоонун бирден-бир коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп саналат. (ErN)

Дагы караңыз

Эки кыргызстандыктын Швейцария банкындагы миллиондоруМинистр Казакбаев Украинанын элчиси менен жолуктуКорумду - Балбай жолун куруу каралган макулдашуу ратификацияланды