Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Корумду - Балбай жолун куруу каралган макулдашуу ратификацияланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 25-февралда Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Корумду - Балбай жолун салууга Кувейт фондунан 29 миллион доллар насыя алуу келишимин ратификациядан өткөрүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Бул жолдун жалпы узундугу 80 чакырым. Кыргыз өкмөтү аны салууга Ислам өнүктүрүү банкы, Мунай экспорттоочулардын эл аралык уюму (OPEC), Сауд өнүктүрүү фонду жана Кувейт фондунан насыя алып жатат. Мамлекеттик бюджеттен 12 миллион доллар бөлүнөт.

Буга чейин Ысык-Көлдү айланта курулуучу жолдун Корумду - Балбай бөлүгүнүн курулушуна 110 миллион доллар кетери маалымдалган. Долбоордо 80 чакырым жолдун жанында көлдү жээктеп 80 чакырым веложол салуу каралган жана курулуш иштери быйыл башталат.

Ысык-Көлдү айланма жолдун жалпы узундугу 440 чакырым. 2015-жылы Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Балыкчы - Корумду жолун оңдоо башталган. Ал өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор болгон жана 2020-жылы жолдун 70% бүткөн.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунун курулушу 2021-жылдын августунда башталган. Анын жалпы узундугу 144 чакырым. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган жол Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Кумтөрдүн” акчасына курулууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG